2025-жылдын 27-мартында Улуттук университеттин айланасын жашылдандыруу максатында башкы имарат менен 8-окуу имаратынын ортосундагы тротуардын жээгине ботаникалык бакчанын кызматкерлери тарабынан декоративдүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.
Аталган түзүмдүн башчысы Улукбек Невераевдин айтымында, аталган дарактардын арасында 60 түп “Спирея вангутта (табылгы)”, 15 түп “Клен остролистный”, 10 түп “Катальпа”, 3 түп “Липа” жана 60 түп “Арча виргинский” бар.



