2025-жылдын 27-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине арналган “Жоогазын” жарнама жана PR  улуттук  фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү. Жыйынга Россия, Казахстан, Өзбекстан и Түркиядан келген коноктор катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзүн инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова айтып, 2017-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан «Жоогазын» фестивалы азыр эл аралык деңгээлге чыкканын, фестивалдын катышуучуларын эл аралык студенттик илимий практикалык конференция, креативдүү долбоорлор, PR-дебаттар жана кызыктуу таанышуулар күтөөрүн белгилеп, ийгиликтерди каалады.

Фестивалдын катышуучуларын о.э. журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк, «PRаспект» компаниясынын аткаруучу директору Нурдин Султамбаев, «Biexpo» эл аралык көргөзмө уюштуруу компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Алина Шарафутдинова, Россиянын элдердин достугу университетинин өкүлү, “Жоогазын” фестивалынын PR-дебаттар боюнча калыстар тобунун төрагасы Владимир Спиридонов, Москва лингвистикалык университетинин эл аралык мамилелер жана социалдык-саясий илимдер институтунун директорунун медиакоммуникациялар жана долбоордук ишмердүүлүк боюнча орун басары Анна Морева, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ага окутууучусу Гульназым Алгалиева, Урал федералдык университетинин доценти Алексей Скуратов, о.э. журналистика жана коммуникация институтунун жарнама жана коомчулук менен байланыштар багытынын магистранты Айжан Асемова куттукташты.,

Бул жылкы фестивалды өткөрүүгө «PRаспект», Кыргыз-Түрк «Манас» университети, ”Кыргыз Куршавель” мамлекеттик ишканасы, «Үч чоку» долбоору, «Biexpo» эл аралык көргөзмө уюштуруу компаниясы, «Lalafo» итернет платформасы өнөктөш болушуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар «Imperial Style» компаниясы, «Сеул кимчи» адистештирилген азык-түлүк дүкөнү, «МК Шоп» онлайн дүкөнү тарабынан даярдалды.

Жыйындын жүрүшүндө журналистика жана коммуникация институтунун чыгармачыл тобу, «Адеми» бий тобу, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Быйылкы «Жоогазын» фестивалына төмөнкү жогорку окуу жайлары катышууда:

  • Москва мамлекеттик лингвистика университети
  • М.Ф.Решетнев атындагы Сибирь мамлекеттик университети
  • Россиянын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык универистети
  • Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети
  • Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкектеги филиалы
  • Ташкент мамлекеттик экономикалык  университетинин Самарканддагы филиалы
  • Ниде Өмер Халисдемир университети (Ниде шаары, Түркия)
  • Нархоз университети
  • Бишкек мамлекеттик университети
  • Кыргыз-Турк «Манас» университети
  • Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университети
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • Ош мамлекеттик университети
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук   университети.  

Добавить комментарий