2025-жылдын 26-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын күн тартибинин негизги жана ар түрдүү бөлүгүндө 2ден маселе каралды.
Отурумдун башында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы боюнча илимий-изилдөө иштерине кошкон салымы үчүн кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Курманбек Абакиров менен журналистика жана коммуникация институтунун профессору Молдосейит Мамбетакуновго А.Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинин жетекчилигинин ыраазычылык катын тапшырып, университеттеги окуу-тарбия жана чарба иштерине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча түзүм жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Отурумдун күн тартибиндеги 1-маселе боюнча инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова чыгып сүйлөп, Улуттук университетке инвестиция тартуу боюнча аткарылган иштер жана алдыдагы максаттар тууралуу баяндама жасады.
“КУУда бизнес сектору, иш берүүчүлөр жана мамлекеттик уюмдар менен кызматташтыктын азыркы абалы жана аны өнүктүрүүнүн жолдору” деп аталган күн тартибиндеги 2-маселе боюнча карьера жана практика борборунун директору Замир Бакалбаев отчет берди.
Отурумдун “Ар түрдүү маселелер” бөлүгүндө өздөрү жетектеген түзүмдөрдүн соңку 3 жылда аткарган иштери тууралуу кадрлар бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жайнакова менен окуу башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси Тамара Алмерекова отчет беришти.
Отурумдун жүрүшүндө каралган маселелер боюнча баяндамачыларга көптөгөн суроолор берилип, кызуу талкуу жүрүп, аталган маселелерди Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгуу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.