Математика жана информатика институтунун интернет технологиялар жана башкаруу окуу программасынын жетекчиси, профессор Бактыбай Аблабеков 2025-жылдын 17-20-март күндөрү Кабардин-Балкар Республикасынын Нальчик шаарында дүйнөгө белгилүү советтик окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору, техникалык илимдердин доктору, Артиллерия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, “Леонард Эйлер” атындагы алтын медалдын ээси Феликс Исидорович Франклдын 120-жылдыгына арналган КБНЦРАНдын  колдонмо математика жана автоматизация институтунда өткөн “Аралаш типтеги теңдемелер жана аны менен байланышкан заманбап анализдин маселелери” аталышындагы дүйнөнүн төрт тарабынан илимпоздорду топтогон чоң масштабдуу эл аралык илимий конференцияга катышып, “Жогорку туундудагы кичи параметрдүү псевдопараболалык теңдеме үчүн тескери маселесинин чыгарылышынын асимтотикасы” темасында пленардык баяндама жасады.                         

Бактыбай Сапарбекович,өз баяндамасында псевдопараболалык теңдемелер үчүн тескери маселенин асимтотикалык чыгарылышы  жана алардын прикладдык колдонулуштары боюнча кеңири маалымат берди.

Илимий доклад математикалык физиканын тескери маселеси багытында болуп, Россия, Казахстан, Өзбекстан жана Малайзия   өлкөлөрдөн келишкен окумуштуулар арасында зор кызыгууларды жаратып, берилген суроолорго так жооптор берилди.

Ф.И.Франкль 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык инститтун  теоретикалык физика кафедрасын жетектеп  иштей баштаган. Жети жыл аралыгында (1950-1957-ж.ж.) КГУ да иштеп жатып,20дан ашуун илимдин кандидаттарын  даярдаган. Ал эми  Нальчик шаарында 1957-1961-ж.ж. Кабардино-Балкар мамлекеттик университетте иштеп,15 ашуун  илимдин  кандидаттарын  чыгарган. Франклдын илимий  мурастарын,анын окуучулары профессор жана доценттер Э.Д.Дүйшеев, Н.А.Аркабаев, И.Б.Бийбосунов, Т.А.Айтмурзаев, С.С.Садыков, Г.Ч.Чаадаевалар улантып  келишип,өзүлөрүнүн илимий  мектептерин  ачышты.

Жыйындын соңунда, аталган тармак боюнча кесипкөй адис, профессор А.И. Кожанов жетектеген Россиялык математик-профессорлор А.П.Солдатов, С.М.Ситник, Ю.П.Верченколор  менен мындан ары да илимий (илимий-изилдөө, аспирантура,PhD докторантура)   ишмердүүлүк жаатта кызматтык маселелерди өркүндөтүү жөнүндө сөз болду.

Баардык делегаттар аталган институттун  информациялык ресурстары жана китепканын материалдары менен камсыз болушуп, алар үчүн Нальчик  шаарына саякат уюштурулду.

Белгилей кетчү нерсе, Ж.Баласагын атындагы КУУ конференцияны уюштуруучулардын катарында  болуп, конференциянын уюштуруу комитетинин  мүчөсү,профессор  Бактыбай Аблабеков математикалык физиканын багыты боюнча  секциялык  докладдар жасалчу жыйынды  жетектеди.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий