2025-жылдын 20-мартында Улуттук университетте оор атлетика боюнча Москва олимпиадасынын чемпиону,4 жолку дүйнө чемпиону, 2 жолку Европа жана СССР чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиевди тарбиялаган оор атлетика боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Семён Давидович Иткин атындагы оор атлетка залынын ачылыш аземи болуп өттү.
КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачылып жаткан зал жаштардын, спортчулардын жана ден соолугун чыңдагысы келген ар бир адамдын өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлук түзөөрүн белгилеп, жаш муундарга өзүнүн тажрыйбасын аянбастан бөлүшүп жаткан Улуттук университеттин сыймыгы Каныбек Осмоналиевге ыраазычылык билдирди.
Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, спорт чеберлери жана студенттер катышты.








