2025-жылдын 11-12-мартында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Базакеева К.Ж. жана доцент Нурматова Г.А. “Кыргыз жараны” деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү” (№290 2024-жылдын 8-июлунан бекитилген Ж.Баласагын атындагы КУУнун буйругунун негизинде) аталышындагы ички долбоорду ишке ашыруу максатында Ош мамлекеттик университетинин “Бизнес жана башкаруу” факультетинин студенттери арасында “Кыргыз жараны” Концепциясынын беш багыты боюнча видеосынак өткөрүп, анын жыйынтыгында эң мыкты видеолорду тарткан студенттерге акчалай сыйлыктарын беришти.
Ошону менен бирге, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытындагы 1 курстун суденттерине конок лекциялары окулду. Иш-чараны жигердүү аткарып, эки окуу жайдын ортосунда кызматташтыкка кошкон салымы үчүн К.Ж.Базакеевага жана Г.А.Нурматовага сертификат тапшырды.
(С) Суймонова Ж.М. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары




