Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыгын аткаруу масатында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин демилгеси менен башкы имараттын 1-кабатынын фойесинде “Манас” эпосуна жана Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган китеп аянтчалары ачылды.
Илимий китепкананын директору Үмүт Казначиеванын айтымында, китеп сүйүүчүлөр аянтчадагы атайын текчелерге коюлган китептерди алып, ал жердеги жумшак орундуктарга отуруп окуп, кайра ордуна коюп коюшса болот. Китептерди үйгө же жумуш ордуна алып кетүүгө болбойт.
Ачылган китеп аянтчаларынын негизги максаты – Улуттук университетте улуттук баалуулуктарды, анын ичинде “Манас” эпосу менен Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларын даӊазалоо.






