Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети менен Ж.Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдин алкагында билим алууга активдүү катышып келишет.

“Телевидение” адистиги боюнча окуган 2-курстун студенткасы Талантбекова Асель да учурда Астанада. Анын институтта алган сапаттуу билимин, көндүмдөрүн колдонуу менен практикалык сабак үчүн тарткан таанытуучу репортажы ЕУУнун профессордук-окутуучулар курамы тарабынан жогору бааланып, мактоого арзыды.

Добавить комментарий