2025-жылдын 27-февралында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетине расмий иш сапары менен барды.

Өзбекстан улуттук университетинин ректору Ином Маджидов менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки университеттин ортосундагы билим берүү, илим, маданий-агартуу багыттары боюнча кызматташтык, студенттер менен алмашуу, окутуучулардын стажировкасы, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Ином Маджидов өз сөзүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу – Өзбекстан улуттук университети үчүн академиялык жана илимий горизонтторду кеңейтүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналааарын жана ааламдашуу шартында бул кызматташтык өзгөчө мааниге ээ болуп, билимди жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн белгиледи.

Догдурбек Чонтоев билим берүү эл аралык мүнөзгө ээ болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында кол коюлуп жаткан меморандум стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгилеп, аталган документ эки университеттин ортосундагы байланышты гана чыңдап тим болбостон, студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн билдирди. Ректор о.э. Өзбекстан улуттук университетинин жетекчилигин октябрь айына белгиленүүчү Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине чакырды.

Жолугушуунун соңунда Догдурбек Чонтоев менен Ином Маджидов эки университеттин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, кош дипломдук программалары менен биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бул документ эки университеттин өз ара аракеттенүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, билим берүү жана илимий демилгелерди интеграциялоого көмөктөшөт.

Иш сапардын жүрүшүндө КУУнун делегациясы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университетинин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, окуу-методикалык лабораторияларда жана Чыңгыз Айтматовдун музейинде болушту.

Сапардын негизги жыйынтыктары:

  1. Академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү. 2025-жылдан тарта студенттер жана окутуучулар университеттер ортосундагы алмашуу программаларына катыша алышат.
  2. Кош дипломдук программаларын түзүү. “Математика” жана “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыттары боюнча биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү чечими кабыл алынды.
  3. Илимий кызматташтыкты тереңдетүү. Тараптар биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана эл аралык гранттык долбоорлорго катышуу жөнүндө макулдашышты.
  4. Санариптик билим берүү технологияларын өнүктүрүү. Онлайн курстарды жана биргелешкен санариптик платформаларды киргизүүнүн келечеги талкууланды.
  5. Биргелешкен илимий конференцияларды жана басылмаларды уюштуруу. Университеттер илимий басылмалар жана академиялык иш-чаралар жаатында кызматташууну пландаштырууда.
  6. Иш сапары университеттердин өнөктөштүгүн чыңдоодо, жаңы билим берүү жана илимий демилгелерге негиз салууда маанилүү этап болуп калды.

КУУнун делегациясынын курамы:

  • Алмазбек Кыдыралиев – окуу башкармалыгынын башчысы
  • Саадат Шерматова – академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы
  • Садык Алахан – кыргыз адабияты кафедрасынын профессору
  • Кундузгүл Базакеева – мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы
  • Туратбек Сырдыбаев – тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору
  • Аниса Бикбулатова – профессор, тарых илимдеринин доктору.

Добавить комментарий