Илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев 2025-жылдын 17-21-февраль күндөрү Улуттук университеттеги илимий борборлордун ишмердүүлүгүн жана перспективдүү пландарын анализдөө максатында төмөндөгү борборлорго барды:
- «Улуу Алтай» алтаистика жана түрк таануу Улуттук билим берүү борборунун өкүлчүлүгү.
- Илимий изилдөө, санариптик жана музейдик билим берүү борбору.
- Россия изилдөө борбору.
- Кыргыз-Якут борбору.
- Медиа изилдөөлөрдүн илимий борбору.
- “Digital Skills” – технологиялар окуу – изилдөө борбору.
- Фундаменталдык илимдер институтунун Жасалма интеллект илимий изилдөө борбору:
- Жасалма интеллект жана BigData
- Прикладдык-колдонмолуу изилдөөлөр жана робототехника.
- R&D лабораториясы.
- Маркетингдик изилдөө борбору
Аталган борборлордун жетекчилери нормативдик-укутук ченемдик документтери менен тааныштырып, ишмердиктери жөнүндө айтып беришти. Көпчүлүк борборлордун илимий-изилдөөчүлүк потенциалы, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү жана окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга чоң салым кошо тургандыгы белгиленди. Ошондой эле, борборлордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир нече сунуш-пикирлер айтылды. Жолугушуу учурунда, борборлордун ишин натыйжалуу координациялоо жана мониторинг жүргүзүү максатында университеттин сайтынын Илим бөлүмүндө атайын «Илимий-изилдөөчүлүк борборлор» аттуу рубрика ачуу сунушталды.
Кийинки жумада «Түрк мурасы борбору», «Инновациялык платформа-KOPIA борбору», «Билим Бишкек инновациялык борбору» жана бир катар лабораторияларга баруу пландаштырылууда.
(С) Бактыярова Азия – илимий иштер боюнча проректордун катчы-референти







