2025-жылдын 20-февралында тарых жана чөлкөм факультетинде 21-февраль Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган “Ар бир тил өз элине улуу” аттуу өнөр таймаш майрамдык – оюн сабак өттү. Сабакта студенттер макал-лакап, жаңылмач, викторина жана башка конкурстарга катышып, белектерди утуп алышты.
Бул иш-чараны мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к, профессор Г.К. Осмоналиева институттун 1-чи курсунда окуган, ИТ жана ИСК группаларынын студенттери менен уюштурду.
Негизги максаты:
1. Студенттерге өз эне тилинин байлыгын, сулуулугун практикалык жол менен көрсөтүү жана кыргыз тилин даңазалоо.
2. Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, санжыра-тарыхын, адеп-ахлагын, салт-санаасын таанытуу менен студенттердин атуулдук сезимдерин ойготуу жана Ата-Мекенди сүйүү, ага ак дилден кызмат кылууга түрткү берүүдө тилдин ролун аныктоо.
3. Эл аралык эне тил күнү жөнүндө, анын тарыхы жана актууалдуулугу тууралу маалымат менен кеңири тааныштыруу.
Андан тышкары кыргыз жарандарынын эне тили түрдүү болушу мүмкүн, бирок биздин Мекенибиз жана өзгөчүлүгүбүз бар экенин сабак учурунда аныктап белгилөө!
Аталган иш-чарага Мамлекеттик тил секторунун башкы адиси Э.Т.Касымбекова, ф.а.м.т кафедрасынын доценти, ф.и.к Б.А.Мурасатов жана тарых жана чөлкөм институтунун мугалимдери катышып, студенттерге кыргыз тилинин тарыхы, анын орду, балуулугу жөнүндө айтып беришти.
Иш-чаранын аягында студенттер чакан концерт уюштуруп, майрамдык маанай тартуулашты.
(С) Г.К.Осмоналиева – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды




