2024-жылдын 10-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин доценттери Ж.Орозалиева менен Н.Осмонова Талас мамлекеттик университетинин студенттерине онлайн форматта конок лекцияларды өтүштү.
Доцент Ж.Орозалиева “Манас” эпосундагы адам аттарынын герменевтикалык мааниси” деген темада лекция өтүп, эпостого каармандардын аттарынын этимологиялык, символдук, герменевтикалык маанилеринин чечмелениши тууралуу аксиомалар анализденди.
Н.Осмонованын “Балдар адабиятындагы фоностилистикалык каражаттардын колдонулушу” деген лекциясында фоностилистикалык каражаттар балдар адабиятында кандай каралды жана алардын көркөм кепке тийгизген таасири тууралуу кеп козголду.
Сабак студенттердин кызыгуусун жаратып, ар кандай суроолорду беришти. Сабактын соңунда студенттер окутуучуларга ыраазылык билдиришти.
(С) Акунов Эмил – кафедра башчысы, доцент


