2024-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл-аралык күнүнө карата юридикалык колледждин 2-3-курс студенттери үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.
Райондук прокуратуранын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдыгы тууралуу тасма тартууланып, прокурордун орун басары Ултемир Женишов талыкпаган эмгек менен алынган билим, тажрыйба жана андан аркы өзүн-өзү өнүктүрүү кесипкөйлүктү камсыз кылып, юридикалык чөйрөдө ийгиликтүү карьера жасоого шарт түзөөрүн белгиледи.
Ал эми прокурордун жардамчысы Исак Диканбаев “Коррупцияга каршы күрөшүү” темасында лекция окуду. Андан соң студенттер прокуратура кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү менен таанышты.
Экскурсия аларга прокуратура органдарынын ишин жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
(С) Харсан Тумаров – директордун орун басары



