2024-жылдын 29-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында география, экология жана туризм факультетинин 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Жыйынды факультет деканы Рыскуль Токторова ачып, куттуктоо үчүн сөз кезегин ректор Догдурбек Чонтоевге берди.
Ректор география, экология жана туризм факультети ошол кездеги Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун өз алдынча бөлүмү катары 1939-жылы түзүлгөнүн, андан бери өлкөнүн мектептери, илимий жана өндүрүштүк мекемелери үчүн 7 миңдей адистерди даярдаганын, алардын арасында көрүнүктүү окумуштуулар, республиканын ардактуу мугалимдери, элге билим берүүнүн мыктылары, мамлекеттик кызматкерлер бар экенин айтып, азыркы мезгилде факультеттин окутуучулары менен студенттери айлана-чөйрөнү жакшыртууга, жаратылыш ресурстарын изилдөөгө жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор салым кошуп жатышкандыгын белгиледи.
Ректор менен кошо факультет жамаатын майрамы менен биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, факультет/институт жетекчилери Шафика Сулейменова, Изат Усенов, Самат Токтогонов, Ширин Костюк, Дилара Субанкулова куттукташты.
Факультеттин тарыхын чагылдырган слайд көрсөтүлгөн соң, куттуктоо сөздөрүн Кыргыз география коомунун президенти Саламат Аламанов, Улуттук илимдер академиясынын академиги Осмон Тогузаков, география илимине чон салым кошкон белгилуу окумуштуулар, о.э. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Чүй университетинин, Борбор Азия америкалык университинин, Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Борбордук Азиядагы жерди изилдөө инситутунун, Бишкек мэриясынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү айтышты.
Өздөрү окуган факультет жамаатын 85 жылдыгы менен бүтүрүүчүлөр да куттукташты.
Жыйындын жүрүшүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Жети муун» фольклордук ансамблинин музыкантары менен факультеттин таланттуу студенттеринин аткаруусундагы ыр, бий жана күүлөр коштоп турду.