2024-жылдын 29-ноябрында Азия инновациялык колледжинде педагогикалык кадрларды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азия инновациялык колледжинин директору Махабат Шамшиева менен И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин башчысы Мирбек Шарабидинов кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Аталган документ эки тараптын педагогикалык кадрларды даярдоо жана билим берүү тармагында инновациялык тажрыйбаларды жайылтуу боюнча кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.
Ушул эле күнү педагогикалык колледждин окутуучулары Жаңыл Нуруева, Гүлзат Исмаилова жана Динара Жылчиева кызматташуунун алкагында семинар-тренинг өтүштү
Тренингдин негизги темалары:
- Окутуучулар үчүн: «Билим берүүдөгү AI: педагогдор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» (тренер: Нуруева Жаңыл)
- Студенттер үчүн: «Баарлашуу психологиясы» (тренерлер: Исмаилова Гүлзат, Жылчиева Динара).
Бул тренингдердин алкагында катышуучулар заманбап билим берүү технологиялары жана жеке коммуникация чеберчиликтерин өнүктүрүү боюнча пайдалуу маалыматтарды жана практикалык көндүмдөрдү алышты.
Тренингдер жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Ушундай иш-чаралар билим берүү жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, сапатты жакшыртууга чоң салым кошот.
(С) Динара Жылчиева – окутуучу






