26-ноябрь 2024-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигине караштуу Бишкек шаарындагы Орхусс борбору тарабынан уюштурулган ЖОЖдор арасындагы студенттик экологиялык олимпиаданын экинчи, жыйынтыктоочу этабы болуп ɵттү.

Олимпиаданын 1-этабы ар бир окуу жайдын ɵзүндɵ ɵтүп, андан тандалып, женип чыккан студенттер экинчи этабына катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун география, экология жана туризм факультетинин, экология адистигинин студенттери, олимпиаданын жыйынтыктоочу этабына катышып, ийгиликтүү орундарды багындырышты.

Бул ЖОЖдор арасындагы олимпиада республикалык масштабда ɵткɵрүлүп, катышуучулар 3 номинация боюнча ɵткɵрүлдү. Ж. Баласагын атындагы КУУнун география, экология жана туризм факультетинин студенттери биринчи номинация боюнча 1-орунду, экинчи жана үчүнчү номинациялар (экɵɵнɵн тен) боюнча 2-орунду багындырышып 1-2 – даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Озгɵчɵ 4-курстун студенттери Суранаева Бийке, Астаркулова Айдай жана Бекенов Адилет олимпиадалык комиссия мүчɵлɵрүнүн мактоосуна арзып, окууну бүткɵндɵ министрликке келип ваканттык орундарга конкурска катышууну сунуш кылышты.  

Ал эми олимпиадага биздин студенттерди жетектеп барган география, экология жана туризм факультетинин доценти Н.К. Тенирбердиевге министрлик тарабынан алкыш жарыяланды.

Мындай жетишкендиктер келечектеги кесип ээлерине зор дем берет жана ийгиликтери менен куттуктайбыз!

(С) Болот Шаршеев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий