2024-жылдын 15-ноябрь күнү журналистика жана коммуникация институтунда “Мамлекеттик маалымат саясатында басма сөз кызматтарынын ролу: кадрларды даярдоо жана билим берүү программаларын адаптациялоо” аттуу кереге кеңеш болуп өттү.

Жарнама жана коомчулук менен байланыш билим берүү программасы тарабынан уюштурулган иш-чарага Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков катышып, институттун директору Ширин Костюкка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын жана Ардак белгисин тапшырды. Өзүнүн сөзүндө Д.Орунбеков кесиптештерди өтүп кеткен Басма сөз күнү менен куттуктап, студенттерди практикага кабыл алууга даяр экендигин, кызматташтыкка дайым ачык экенин баса белгиледи.

ЖКИ директору Ш.Костюк институттун программалары, эл аралык кызматташуу өндүү жетишкендиктер тууралуу маалымат берди.

Өлкөнүн мамлекеттик мекемелеринин басма сөз кызматтарынын, жарнама жана пиар компаниялардын өкүлдөрү катышкан кереге кеңеш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана жарнама жана коомчулук менен байланыш билим берүү программасынын 15 жылдык мааракесине арналган. Анда реклама жана коомчулук менен байланыш багытынын бүтүрүүчүлөрүнүн, негизи эле журналисттик билими бар адистердин өзгөрүп жаткан дүйнөдө Кыргызстандын улуттук маалыматтык саясатын жүргүзүүдө орду, ролу чоң экени айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аймагында өткөн Ярпиар бүткүл россиялык фестивалда биринчи орунду багынткан ЖКИнин “НацПродукт” командасынын ийгиликтери айтылып, эл аралык деңгээлде журналистика жана коммуникация институтунун студенттеринин аты чыгып жатканы тууралуу маалымат айтылды. Ошону менен бирге кереге кеңеште тармактык журналистиканы өнүктүрүү, анын ичинде басма сөз кызматтарына адистерди даярдоодогу ар бир министрликтин, ведомствонун пресс кызматынын ролу айтылып, көмөгү керектиги белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында кереге кеңештин резолюциясы кабыл алынды.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий