2024-жылдын 15-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин куттуктоо аземи болуп өттү. Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти менен журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарада Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курс студенттерин майрамы менен ректор Догдурбек Чонтоев видео аркылуу куттуктап, ак жол каалаган соң, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев 1-курс студенти Бакай Дүйшөналиевге символикалуу “Сынак китепчесин” тапшырды. Ал студенттик турмушту жаңыдан баштаган кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттердин атынан 4 жыл бою “Улуттук университеттин студенти” деген наамга татыктуу билим алып, аны Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдонууга, үлгүлүү жүрүш-турушу менен КУУнун студенттеринин салттарын улантууга ант берген соң, майрамдык салтанат чоң программадагы концерт менен уланды. 

Концертке белгилүү ырчылар Кызсайкал Кабылова, Ырыскелди Сатыбалдиев, Султан Садыралиев, Кайрат Примбердиев, Айдар Жумабаев, “Кеңеш” тобу жана башкалар, о.э. КУУнун таланттуу студенттери катышып, өз өнөрлөрүн элге тартуулашты.

Майрамдык иш чарага о.э. биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков, факультет декандары, институт директорлору жана башка түзүм жетекчилери катышты.

Белгилеп кетчү нерсе – мурдагы жылдардан айрымаланып, бул жолку майрамдык салтанатка студенттер өтө көп келип, концерт аншлаг менен өттү.

Добавить комментарий