2024-жылдын 13-ноябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, ректор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында “Окуу процессин уюштуруу структурасындагы өзгөрүүлөр”, “Окумуштуулар кеӊешинин 2024-2025-окуу жылына иш мерчеми”, “КУУнун электрондук маалыматтык-билим берүү чөйрөсүнүн абалы жана өнүгүүсү” жөнүндө жана башка маселелер каралды.
Жыйындын башында Догдурбек Чонтоев соңку мезгилде жетишилген ийгиликтер, ректорат тарабынан аткарылган иштер, о.э. түзүмдөрдөгү айрым кемчиликтер тууралуу билдирүү жасап, аларды жойуу боюнча тапшырмаларды берди, о.э. түзүм жетекчилерине жаңы сатып алынган компьютерлерди бөлүштүрүү сертификаттарын тапшырып, жыйындын катышуучуларына 4-ноябрдан тартып пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Мамаева Айнура Бектеновнаны тааныштырды.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча ректор Догдурбек Чонтоев, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев билдирүү жасашып, Улуттук университетте окуу процессин уюштуруу структурасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө айтып беришти.
Окумуштуулар кеӊешинин 2024-2025-окуу жылына иш мерчеми тууралуу окумуштуу катчы Жаӊыл Керимканова, ал эми окуу жайдагы электрондук маалыматтык-билим берүү чөйрөсүнүн абалы жана өнүгүүсү тууралуу маалыматтык технологиялар борборунун директору Улан Мусаев баяндама жасашты.
Күн тартибинин “Ар түрдүү” бөлүмүндө “Профессор Н.А.Асипованын илимий мектебин ачуу”, “КУУнун профессордук-окутуучулук курамынын Scopus, Web of Science журналдарына жарыяланган макалалары үчүн төлөм жүргүзүү”, “Докторлук диссертациялардын темасын бекитүү”, “КУУнун Билим берүүнүн сапаты боюнча кеӊешинин курамы”, “КУУнун 2027-жылга чейинки кесипке багыт берүү концепциясы”, “Медициналык факультеттин базасында медицина институтун ачуу”, “КУУда 2024-2026-жж. тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн концепциясы” тууралуу маселелер каралып, биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов, медицина факультетинин деканынын м.а. Чынгыз Узакбаев, тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Ынтымак Касмакунов билдирүү жасашты. Баяндамачыларга суроолор берилип, талкуу болгон соң, каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.