2024-жылдын 13-ноябрында башкы корпустун кичи жыйындар залында математика жана информатика институтунун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болду. Институт директору Изат Усенов кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен куттуктап, алардын сапаттуу билим алышына жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирип, символикалуу «Студенттик китепчени» тапшырды.

Студенттерди институттун окутуучулары да куттукташып, өз каалоо–тилектерин айтышты.

1-курс студенттери 4 жыл бою жакшы окуп, алган билимдери менен тажырыйбаларын Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдонууга, жаштар арасындагы достукту жана улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө, кыргыз студенттеринин салттарын көбөйтүп, аяр мамиле кылууга ант беришти.

Кеченин экинчи бөлүгү концерттик программа менен уланып, институттун таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Жыйындын соңунда, студенттик кеңештин төрагасы, 4-курстун студенти Жолдубаев Бектур мындай салтанаттуу азем студент үчүн бир жолу өткөрүлүп, өмүр бою эсте каларын айтып, 1-курс студенттерине заманбап билим алып, өз кесиптеринин татыктуу ээлери болушуна тилектеш экенин билдирди.

Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенттери, турмуш жолуна салган кадамынар байсалдуу болсун!

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к.,доцент

Добавить комментарий