2024-жылдын 4 ноябрында биология жана биотехнология институтунун 4-курс студенттери өндүрүштүк практика боюнча отчетторун тапшырышты. Жыйынга практика жана карьера борборунун башкы адиси Нурланова Бегимай жана жетектөөчу адис Эмил уулу Тенир катышты, комиссия мучөлөру:  Джапаралиев Н.Т.Мамбетов.Т.К  катышты.

Башкы адис Нурланова Бегимай студентерге практика бул карьерага болгон бир кадам экендигин , кесипкөй адис болуш үчүн керек болгон талаптар жөнүндө да айтып берди. Отчет тапшыруу учурунда студенттер практика учурунда алган билимдери, тажрыйбалары менен бөлүшүп,практиканын зарыл экендигин айтышты . Практика окуунун  маанилүү бөлүгү экенин билдирип келечектеги кесипке чон мотивация берээрин айтып жана суроолорго жооп беришти. Коммисия мүчөлөрү айрым студенттердин  отчетторун окуп көруп өз ой пикирлерин айтышты. Практиканын жүрүшүндө студенттер көптөгөн практикалык көндүмдөрдү ийгиликтүү өздөштүрүп, теориялык билимдерин өркүндөтүп оздоруно тажрыйба алышты . Алар илимий аппаратура менен иштөөнү үйрөнүп, эксперименттерди өткөрүп, маалыматтарды чогултушту жана иштеп чыгышты. Дагы бир маанилүү жетишкендик студенттердин илимий иш-аракеттерди түшүнүүгө мүмкүндүк берген реалдуу илимий долбоорлорго катышуусу болду.

(С) Эмил уулу Теӊир  – ПжКБнын жетектөөчү адиси

Добавить комментарий