2024-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын 35 жылдыгына карата УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Маразыков УТРКнын Таңкы Life берүүсүнө маек берип, мамлекеттик тилдин кабыл алынышы жана азыркы күндөгү абалы тууралуу сөз кылды.
Окумуштуу сүйлөшүүгө, текстке жана башка тематикага байланыштуу кыргыз тилиндеги жарык көргөн эмгектер, аларды окутуу маселелери тууралуу да кенен сөз кылды. Андан сырткары тилди өнүктүрүүнүн жол-жоболору, балдардын тилинин чыгышы боюнча бир катар көйгөйлөрдү айтуу менен бирге, анын чечилүү жолдорун да белгилеп өттү.
(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор
