2024-жылдын 30-октябрь күнү педагогикалык колледждин “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин студенттери жолугушууга катышып, демократиялуу мектеп, гумандуу педагогика жана эркин мугалим болуу сыяктуу маанилүү темаларда маек курушту. Студенттер агайдын тажрыйбасынан маанилүү сабактарды алып, баалуу кеңештерди укту. Агай менен болгон ар бир суроо-жооп студенттерди терең ойлонууга жана билим берүү тармагындагы келечегин жаңыртып кароого шыктандырды.

Уюштуруучу: педагогикалык колледж жана Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун «Дил маек» долбоору.

(С) Нааматова Эльмира – окутуучу

Добавить комментарий