Математика жана информатика институтунун академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТжЖМО кафедрасынын доценти Махабат Абдраимова 2024-жылдын 28-31-октябрь күндөрү Ташкент шаарында М.Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде өткөн “Заманбап геометрия жана топологиянын актуалдуу маселелери” аталышындагы эл аралык илимий конференцияга катышып, “Топологиялык мейкиндиктердин жана алардын чагылдырууларынын өсүндүлөрүнүн айрым касиеттери” темасында баяндама жасады. Илимий доклад математиканын топология багытында болуп, Россия, Узбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келишкен окумуштуулар арасында кызыгууларды жаратып,берилген суроолорго так жооптор берилди.

Иш-чаранын кийинки этабында Махабат Абдраимова ӨУУнун математика факультетинин 2,3-курстун студенттерине «Дифференциалдык геометрия жана топология » предмети боюнча конок лекция окуду. Дарстын катышуучулары кызыктуу сабак үчүн лекторго терең ыраазычылыктарын билдиришти.

ӨУУнун математика факультетиндеги кеңейтилген илимий семинарда Махабат Абдраимова «Жалпы топологиянын айрым суроолору» атуу баяндама жасап, кызыктуу жана маанилүү баяндамасы үчүн факультеттин деканы О.С.Зикиров сертификат тапшырды.

Жыйындын соңунда Махабат Асанбековна, конференциянын уюштуруу комитетинин жылуу тосуп алып, коноктор үчүн бардык жагынан жогорку деңгээлде түзүлгөн шарттар үчүн өз ыраазычылыгын билдирип , КУУнун математика жана информатика институту менен ӨУУнун математика факультетинин ортосундагы эки тараптуу кызматтык мамилелер мындан ары да өркүндөшүнө ишенерин билдирди.

Конференция жыйынтыктаган соң, делегаттар үчүн Ташкент шаарына саякат  уюштурулду. Белгилеп кетчү нерсе, бул иш-чара КУУнун ички гранттарынын эсебинен каржыланды.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий