2024-жылдын 31-октябрында Ички иштер министрлигинин милицинын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында “Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл: тарыхый инсандар жана алардын мурастары» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Жыйынга тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, окуу иштери боюнча орун басары Айдар Шейшенов жана ага окутуучу Эльвира Төрөгелдиева катышып, өз баяндамаларын жасашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаевди ИИМдин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалы менен сыйлады.
Илимий конференцияга КР Президентинин кеңешчиси Бекбосун Борубашов, ЖК депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИОнун генералдары, ардагерлери, белгилүү тарыхчылар, ЖОЖдордун өкүлдөрү жана ИИМ Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, курсанттары жана студенттери катышты.
ИПКнын аягында, министр Улан Ниязбеков катышууларга терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.
(С) Айдар Шейшенов- ТжЧТИнун директорунун окуу иштери боюнча орун басары




