2024-жылдын 31-октябрында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин, социалдык-гуманитардык илимдер институнунун жектечилери, студенттик кенештин өкүлдөрү жана 1,2,3-курс студенттери эрте менен Манас аэропортуна барып, аба акробатикасы боюнча 23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында болуп өткөн дүйнө чемпионатында дүйнөлүк рекорд жаратып, 1-орунду ээлеп, аталган спорттун түрү боюнча “Дүйнө чемпиону” наамына ээ болгон социалдык-гуманитардык илимдер институнунун 2-курс студенти (ПСХ-2-23 тайпасы) Гүлбара Болотованы жана жалпы эле Кыргыз Республикасынын курама командасын тосуп алуу аземине катышты.
КУУнун өкүлдөрү Кыргыз Респбликасынын аба акробатикасы боюнча курама командасын жылуу маайнай менен тосуп алып, чемпион студенттин ата-энеси, чоң атасы, тай атасы жана туугандары менен таанышып, аларга Улуттук университеттин профессордук-окутуучулар жамаатынын атынан ыраазычылык айтышты.
(С) Б.А.Малтабаров – мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча директордун орун басары, социол. и. к., доцент







