2024-жылдын 31-октябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйындын башында ректор Догдурбек Чонтоев Кеңештин мүчөлөрүнө Улуттук университеттин алдына коюлган жаңы милдеттер жана аларды ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар боюнча кыскача маалымат берип, жаңыдан дайындалган проректорлорду тааныштырган соң, аталган кеңештин отуруму башталды.
Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы, УИАнын академиги Абдыганы Эркебаев алып барган жыйында “2024-жылдын 1-октябрынан тартып КУУнун штаттык тизиминде туруктуу иштеген профессордук-окутуучулук, административдик-чарба, окууга көмөкчү жана чарбалык-тейлөөчү курамдын айлык акысын көтөрүү”, “2024-2025-окуу жылына Scopus эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына жазылуу”, “Ош, Каракол, Нарын жана Талас шаарларындагы КУУнун регионалдык бөлүмдөрүнүн структурасын өзгөртүү” жана “Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин уюштуруучу типтүү ырааттаманы бекитүү” жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Бермет Кабылбек кызы, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Мирлан Ниязалиев маалымат беришти.
Баяндамачыларга суроолор берилип, кенен-кесир талкуу болгондон кийин, Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү аталган маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.












