2024-жылдын 28-октябрында санариптик технологиялар борборунда физика жана электроника факультетинин доценти Бердибек Жумабаевдин «Кыргыз дүйнөтаанымы» аталышындагы китебинин таанытымы болду.
Учурдун, болочок муунга татыктуу таалим тарбия жана билим берүү вазыйпасын аткарып жаткан окутуучулардын катышуцусунда өткөн бул иш чара мезгил талабы болуп эсептелет. Болочок адисттердин муундарын заман талабына ылайык даярдоо, алардын оомол – төкмөл турмуштун агымында эли жеринин патриоту болуу менен дүйнө таанымдарын кыргыз журтчулугунун мүнөзүнө ылайык багыттоо актуалдуу көрүнүш экени айдан ачык. Дал ушул багытка арналган доцент Бердибек Жумабаевдин эмгеги, бет ачаардын катышуучулары тарабынан белгиленди.
Жети жүз бетке жакын көлөмдү камтыган китепке арналган жыйындын модераторлук милдетин окуу жайдын Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, пед. и. д., профессор Назаркул Ишекеев аткарды. Мамлекеттик гимн менен башталган китептин бет ачаарында бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер сөз сүйлөшүп, эмгектин мезгил талабына шайкеш чыккандыгын белгилешти. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Айдарбеков да бар. Өз сөзүндө депутат «Кыргыз дүйнөтаанымы» китебинин урунттуу жерлерине токтолуп, автордун ишине ийгиликтерди каалап өттү. Аны менен бирге иш – чарага академик, г. и. д., К. О. Осмонбетов, профессор Э. Мамбетакунов, коомдук ишмер Ө. Илиязов, профессор П. Кадырбекова, жазуучу, коомдук ишмер А. Сариев, улуу санжырачы С. Сооронкулов, журналист Д. Мамбетөмүровдор куттуктоо сөзүн айтышып, китепке болгон сунуштарын да айтып өтүштү. Ошондой эле, Кыргыз филологиясы факультетинин профессору Т. Маразыков, жана Аламедин районунун орто мектебинин мугалими Г. Сагыновалар да аталган китеп боюнча өз ойлорун айтышып, баяндама жасашты.
Өз учурунда китептин автору Бердибек Жумабаев аталган эмгектин жазылуу тарыхы менен кыскача мазмуну тууралуу айтып берип, жыйынга келген конокторго ыраазычылыгын билдирип өттү.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар тарабынан бир катар пункттан турган резолюция кабыл алынды. Алар:
- «Кыргыз таануу» адистигин негиздеп шифр берүү;
- «Кыргыз дүйнөтаанымы» эмгегин Билим берүү жана илим министлигине стандарттарга өзгөртүу киргизүү менен окуу куралы катары кошууну сунуштоо;
- Жазылган китепти мектептерге предметтик сабак катары киргизүү үчүн аны жөнөкөйлөштүрүп, кыскартып жазып чыгуу автору Б. Жумабаевге тапшырылсын.
(С) Д. Мырзагулова – мамлекеттик тил секторунун башчысы