2024-жылдын 29-октябрында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бɵлүмүнүн 4-курсунун ККТ-1-21 группасынын студенттери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драм театрына барып келишти. Театрда К.Жантɵшев атындагы Ысык-Кɵл облусттук музыкалык драма театры тарабынан даярдалган Саякбай Каралаевдин вариантында «Эр Тɵштүк» премьерасы коюлду.

Аталган премьерага бɵлүмдүн мугалими Бермет Сыдыкбаева студенттерди маданий мурастар менен тааныштыруу максатында алып барган. Студенттер кыргыз элинин адилеттүүлүк, акыйкаттык принциптерин жана адам менен табияттын ортосундагы мамилелерди, идеяларды чагылдырган премьерага күбɵ болушту. Жогорку кɵркɵмдүктɵ коюлган сахнада ойногон таланттуу артисттерди жакындан ɵз кɵздɵрү менен кɵрүшүп эне тилине, тарыхына, кɵɵнɵ маданиятына болгон сый-урматын арттыра алышты. Аны менен катар кыргыз элинин тарыхы, маданияты, салт-санаасы жана руханий баалуулуктарына бай «Эр Тɵштүк» эпосунун драмалаштырылып коюлган спектаклине күбө болгон студенттер эпостун баатырдык, мифологиялык туюмдарга ширелген эӊ бир табышмактуу жана кызыктуу окуяларын жандуу сахнадан кɵрүшүп, руханий байлыктарын толтуруп жакшы маанайда кайтышты.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Добавить комментарий