2024-жылдын 24-октябрында педагогикалык колледжде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндөгү» 2023-жылдын 14-августундагы №415-токтомунун төртүнчү жана тогузунчу пункттарын  ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдары түрүндөгү практикалык лаборатория (бала бакча) ачылды.

Лабораторияны  ачуунун максаты – “Мектепке чейинки билим берүү” адистигинде окуган студенттердин – болочоктогу тарбиячылардын теориялык билим сапатын практикалык жактан жакшыртуу, ар тараптуу калыптануусун камсыздоо, мектеп жашына чейинки балдардын психологиясын жана тарбиялоо методикасын өздөштүрүү.

Эскерте кетсек, аталаган бала бакча окутуучулар, студенттер баласы менен келген айрым учурларда гана ачылат. Башка убакытта атайын сабактар уюштурулат.

(С) М.Т.Шарабидинов – педагогикалык  колледждин башчысы

Добавить комментарий