2024-жылдын 10-октябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын 4-курсунун ПиП-1-21 тобунун студенттери Джамакеева Эльза жана Жумабек кызы Алина Бишкек шаарындагы №29-гимназиянын 9-М классынын окуучуларына “Топтук иш жана коммуникация” деген темада ачык сабак өткөрүштү.

Сабака аталган гимназиянын психологу Сатыбалдиева Айдана жана кафедранын ага окутуучусу Д.Т.Калибекова катышты.

Сабактын жүрүшүндө окуучулар топ деген эмне, топ кандай иш алып бараары, топтун пайдалуулугу, топтун мүчөлөрүнүн ролдору жана алар кандай мүнөзгө ээ болуусу шарт экендиги тууралуу маалымат алышты. Муну менен катар окуучуларга топтун ынтымагын чыңдоо жана бири-бири менен сый мамиледе болууга чакыра турган оюндар ойнотулду.

Сабак абдан кызыктуу жана мазмундуу өтүп, өз максатына жетти.

(С) Нурбекова С.Н. – Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий