Тарых жана чɵлкɵм таануу институтунун чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, тарых илиминин доктору, профессор Ж.О.Омурова менен ага окутуучу А.А.Джумагулова Ɵзбекстандын Ташкент шаарында 2024-жылдын 10–11-октябрында ɵтүп жаткан “Жибек Жолу: туризм аркылуу кызматташуу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Пленардык отурумда Ж.О.Омурова «Жаңы Жибек Жолу жана Кыргызстандагы туризм», ал эми А.А.Джумагулова «Жибек Жолунун боюндагы туризм: туристтик рыноктун кеңейишинин кыймылдаткыч күчү» деп аталган докладдары менен чыгып сүйлɵштү.
Конференцияга Азербайжан, Египет, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Сингапур, АКШ, Тажикстан, Түркия жана Япониядан 250дөн ашык катышуучу чакырылган. Пленардык жана секциялык жыйындарда 50 спикер чыгып сүйлөштү. Алар Жибек Жолунун боюндагы тарыхый процесстерге, маданий мурастарга жана региондун туристтик потенциалын өнүктүрүүнүн келечегине байланыштуу темалар боюнча баяндамаларды сунушташты. Өзгөчө көңүл “жашыл” технологияларга жана экологиялык коопсуздук маселелерине бурулду.
(С) Шаршенбек кызы А. – чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу



