Жыл сайын Германия Федеративдүү Республикасына Кыргызстандан көптөгөн студенттер жайкы жумуш боюнча иштегени барып келишет. Бирок маалыматтын жетишсиздигинен улам, көпчүлүк студенттер мыйзамсыз иштеген ишканаларга кайрылып, канчалаган аракеттеринен кийин алданып калышууда. Студенттер Германияга баргандан кийин көчөдө калып же жардам сураганга бараарга жери жок кыйналып жаткан учурлар да көп катталып жатат. Бул азыркы учурда абдан актуалдуу көйгөйгө айланды. Германияга барып иштеп келүүгө кызыкдар болгон студенттердин саны дагы деле жогору бойдон калууда. Себеби, студенттер үчүн жай мезгилинде чет өлкөгө барып, жакшы акча таап келүү өздөрү үчүн жана үй-бүлөлөрү үчүн чоң жардам болууда.
Жаңы окуу жылы башталып жатат. Студенттер арасында 2025-жылы Германияга барып иштеп келүү үчүн окуу курстарына каттоо башталды. Студенттердин абийирсиз адамдарга алданып калбашы үчүн же чет өлкөдө көчөдө эч нерсесиз калып калбашы үчүн, ошондой эле жагымсыз кырдаалдардын алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чараларды өткөрүү зарыл. Практика жана карьера борбору тарабынан 9 октябрь күнү университеттин өнөктөшү “Самара немец академиясы” менен биргеликте Юридикалык институтунун жана Экономиканын жогорку мектебинин студенттери үчүн “Германияга легалдуу жумушка баруу” темасындагы ачык саат өткөрүлдү. Анда ПжКБ башкы адиси Ж. Шерматова, жетектөөчү адиси Эмил уулу Теңир жана Самара немец академиясынын өкүлү Фатима Токомбековна студенттердин жайкы жумушка баруусундагы жана Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн диплом менен жумушка орношуусунун мыйзамдуу жолдорун, ошондой эле ал жолдогу болуучу тоскоолдуктарды айтып беришти. Угуучулар өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жана түйшөлткөн көйгөйлөрүнө жооп алышты. Иш чарага Экономиканын жогорку мектебинен Э. Назарбекова жана Юридикалык институтунун директорунун орун басары Андашев Улан Турдубекович катышышты.
(С) Напасова Айдай – ПжКБнын жетектөөчү адиси
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды





