2024-жылдын 9-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан демилгеленген “Катыш! Танда! Шайла!” аттуу эки айлык кампаниянын алкагында иш чара болуп өттү.
Жыйынды жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Алмаз Кадыр уулу ачып, сөз кезегин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага берди. Ал 17-ноябрда өткөрүлүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун мааниси, шайлоону өткөрүү тартиби, шайлоого катышуу жана депутаттыкка талапкер болуу шарттары тууралуу айтып берди.
Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров “Катыш! Танда! Шайла!” кампаниясы тууралуу маалымат берди, ал эми коомдук ишмер Алмаз Эшимбеков шайлоого катышуу – жарандык милдет экенин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөндөр студенттердин суроолоруна да жооп беришип, “Kahoot” оюнун өткөрүштү жана катышуучуларга чакан белектерди тапшырышты.















