2024-жылдын 8-октябрь күнү география, экология жана туризм факультетинин туризм багытынын 1-курс студенттери доцент К.Нарынбек уулу, ага окутуучу М.Байсеитова жана окутуучу Б.Кадыралиеванын жетекчилиги астында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан “Jannat Regency” мейканасында өткөрүлгөн туризм жарманкесине катышып келишти.
Иш чаранын жүрүшүндө концерттик программа, ар кандай спорттук оюн-зооктор орун алып, студенттер активдүү катышышты жана жеӊүчүүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
(С) Кадыралиева Б.К. – туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын окутуучусу



