2024-жылдын 7-октябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев №11-жатаканага барып, ал жерде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аткарылып жаткан иштер тууралуу административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаев жана жатаканалардын менеджери Бексултан Шабданов маалымат беришти.

Алардын айтымында, учурда №11 –жаткананын 1,2-кабатында жайгашкан 9 квартира капиталдык ремонттон өтүп жатат. Оңдоп-түзөө иштери октябрь айынын аягында толугу менен аяктайт.

Добавить комментарий