2024-жылдын 3-октябрь күнү математика жана информатика институту жайгашкан №6-окуу имаратында “Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, КР эл агартуусунун мыктысы Мутал Ажигулов атындагы информациялык технологиялар классы” (№116А-дарскана) ачылды.
Жыйынды институт директору Изат Усенов ачып, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевге сөз берди.
Ректор ачылып жаткан компьютердик класска демөөрчүлүк көрсөткөн агайдын үй-бүлөсүнө университеттин, институттун атынан ыраазычылык билдирди. Ал о. э. мыкты инсан, эмгекчил илимпоз, сүйүктүү педагог жана сабаттуу жетекчинин өмүр жолу жана жемиштүү ишмердиги студенттерге, кийинки муундарга үлгү, таалим болооруна ишенээрин билдирди.
Андан кийин чыгып сүйлөгөн профессор Каныбек Какишов Ажигулов Мутал агай окумуштуу-математик катары Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө зор салым кошуп, КУУнун, анын ичинде институнун өнүгүшүнө 51 жыл өмүрүн арнаганын, Мутал агайдын жаркын элеси кесиптештеринин жана студенттердин жүрөгүндө сакталарын белгилеп кетти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жыйындын катышуучулары, Мутал агай 1972-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин институтта окутуучу, доцент жана көп жыл бою профбюронун төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенип, анын эмгек жолунда 70тен ашык илимий эмгектери жарыяланып, көптөгөн математиктерди тарбиялап чыгаргандыгы, илимий турмушка активдүү катышып, Алма-Ата шаарында өткөн бүткүл союздук (1974-ж), Шуша шаарында өткөн (1976-ж) бүткүл Сибирдик жана көптөгөн Эл аралык конференцияда “Асимтотикалык методдор” багытында бир нече жолу жогорку деңгээлдеги баяндамаларды жасагандыгы, кесипкөй ишмердүүлүгү жана жаштарды прогрессивдүү илим-билимге умтулууга үндөп, үлгүлүү тарбия бергендиги үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлангандыгы тууралуу кеңири маалымат алышты.
Агайыбыздын мына ушундай көп жылдык педагогикалык жана профсоюздук ишмердүүлүгү бааланып, Ж. Баласагын атындагы КУУнун “Мыкты лектору”, “Эмгеги сиңген илимдин кызматкери”, “Эмгек ардагери” наамдардын ээси. Мындан тышкары агайыбыз “Көңүл ыргактары” жана “Сары көбөн” ыр жыйнактарынын автору.
Жолугушуунун соңунда Изат Усенов бүгүнкү иш-чара Мутал агайыбыздын көп жылдык үзүрлүү эмгегинин урматына, билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн “Мутал Ажигулов атындагы компьютердик класс” ачылып жаткандыгы, ушул жерден баса белгилей кете турган жагдай, агайыбыздын сөз кылып жаткан ийгиликтерге жетишүүсүнө зор салым кошуп, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүп, көп жылдар университеттин китепканасында иштеп, учурда ардактуу эс алууда жүргөн жубайы Нурия апабыздын эмгегин да көз жаздымда калтырбашыбыз керек экендигин айтты.
Белгилеп кетчү нерсе, агайдын үй-бүлөсү демөөрчүлүк кылып 350 миң сом баадагы акыркы моделдеги 10 даана толук комплектүү заманбап компьютердик жабдыктарды институттун балансына белекке беришти.
Мутал агайыбызды билим тармагында чоң салым кошкон сүйүктүү педагог жана сабаттуу жетекчи катары дайыма эстеп жүрөбүз.
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент