Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун 4-курс студенттери Ниязов Төлөгөн менен Артыкбаев Бексултан 2024-жылдын 23-27-сентябрында Россиянын Казан маалыматтык технологиялар жана коммуникация техникалык мектебинин эл аралык компетенция борборунда болуп өткөн «BRICS+ Future Skills and Tech Challenge 2024» аттуу профессионалдык чеберчилик боюнча чемпионаттын финалдык этабына катышып келишти.

Мелдешке Азербайжан, Беларусь, Бразилия, Вьетнам, Гана, Индия, Иран, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Колумбия, Марокко, Филиппин, Сальвадор, Түштүк Африка мамлекеттеринен 1000ден ашуун конкурсанттар катышты.

КУУнун студенттери «Веб-технологиялар» жана «CAD Engineering Design» багытындагы эки компетенция боюнча жеңиш үчүн күрөшүштү.

Эл аралык чемпионаттын жыйынтыгында Ниязов Төлөгөн менен Артыкбаев Бексултан кызыктыруучу сыйлыктар жана сертификат менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, КУУнун студенттери байгелүү орундар үчүн башка өлкөлөрдөн келген студенттер менен эле эмес, россиялык ишканалардын учурдагы IT адистери менен да күч сынашты.

Профессионалдык чеберчилик боюнча эл аралык чемпионаттын катышуучулары  Ниязов Төлөгөн менен Артыкбаев Бексултанды ийгиликтери менен куттуктайбыз!

«Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги демилгени колго алып, каржылык колдоо көрсөткөндүгү үчүн компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун дирекциясы терең ыраазычылыгын билдирип, Эрик Аскарбековичтин  иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз.

(С) Сыдыкова М.Б.илимий иштер боюнча КТЖИИ директорунун орун басары 

Добавить комментарий