27-сентябрь Туризм күнүнө карата Кесиптик колледждин көп тармактуу адистиктер бөлүмүнүн туризм багытында окуган студенттерин, окутуучулар Кулназарова К.У., Юсупова А.Т., Урматбеков А.У. Улуттук тарых музейине саякат жүргүзүүгө, борбор калаадагы тарыхый эстеликтерди, улуттук баалуулуктарды, сүрөт галереясын көрүүгө алып барышты. Кытай Эл Республикасынан келген туристтер менен да жолугушуу болду.
Иш чаранын негизинде өз кесибин жана Мекенди сүйүү, туристтик имиджди көтөрүү, туризм адистигинин сырлары менен тааныштыруу боюнча баяндамалар жасалды.
Студенттер музейдеги экспонаттар, борбордогу тарыхый эстеликтер менен таанышып, өздөрүнө эстетикалык, руханий байлык топтой алышты. Студенттер да, өз кезегинде иш чара пайдалуу, таасирдүү, маалыматка бай болгондугун белгилешти.
(С) Юсупова Асель – кесиптик колледждин окутуучусу
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды





