2024-жылдын 24-сентябрында 6-окуу имаратынын 2-аудиториясында физика жана электроника факультети тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Салтанаттын башталышында студенттер кыргыздын каада салтын жасашып, агай-эжейлерин боорсок, сары май менен тосуп алышты.

Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.  Андан соң  факультеттин деканынын м.а., доцент Гүлзат Исмаилова сөз сүйлөп, кыргыз тилинин баалуулугу, адамдын жашоосуна тийгизген таасири, келечеги жөнүндө баалуу маалыматтарды берди.

Доценттер Токтогонов С.А., Бейшекеева Г.Дж. кыргыз тили жөнүндө омоктуу ойлору менен бөлүшүштү. Гүлмира Бейшекеева бир жума мурун Америкага барып келип, ошол жакта жүрүп өз элинин тилинин, каада-салттарынын, жашоо-тиричилигинин, жаратылышынын баалуулугун түшүнгөндүгү жөнүндө айтып, студенттерди өз эне тилин мыкты билүүгө, маданиятын сактоого, келечекте өз кесиптеринин мыкты адистери болууга чакырып, көптөгөн ийгиликтерди каалады.

Салтанаттуу кече студенттер тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду. Анда кыргыз бийлери, ырлары, комуз күүлөрү, кыргыз тилин даңазалаган сценкалар аткарылып, көркөм окуулар болду. Иш чара “Кыргызстан” аттуу хорду ырдоо менен соңуна чыкты.

Бул кече студенттер үчүн эне тилин сүйүүгө карата тарбиялык мааниси чоң болду деген ишеничтебиз.

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий