2024-жылдын 20-сентябрь күнү КУУнун алдындагы Конфуций институтунда күзгү кытай тили курсунун ачылыш аземи болуп өттү.
Жыйында Конфуций институтунун кыргыз жана кытай тараптан директорлору сөз сүйлөп, тил үйрөнүүнүн маанилүүлүгү, кытай тилинин актуалдуулугу тууралуу айтып өтүштү.
Аземдин соңунда Конфуций институтунун координатору Абирова Алтынай курста окуу эрежелери тууралуу айтып өттү.
Белглей кетсек, Конфуций институту жылына 100дөгөн угуучуларга билим берип, үч деңгээлдеги кытай тилин үйрөтөт. Жылда эки ирет курска кабыл алуу өтөт. Курсту ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификат жана Кытайда гранттык негизде окууга тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны артууда.
(С) Абирова Алтынай – Конфуций институтунун волонтеру



