2024-жылдын 24-сентябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунда социалдык иштер, психология, педагогика, философия, клиникалык психология багыттарынын бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш чарага инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады жана аларды университеттин атын жогору көтөрүп, эл үчүн иштеп, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн өз салымдарын кошууга үндөдү. Соңунда мыкты окуп, окууну ийгиликтүү бүтүргөн жаш адистерге артыкчылык дипломдорун тапшырды.
Бүтүрүүчүлөр өздөрүн окуткан профессор-окутуучулардын колунан куттуу окуу жайы болгон университеттеги эмгегинин үзүрү болгон дипломдордун алышып, эмгек жолуна аттанышты.
(С) А.Ш.Жолдошева – социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти, соц.и.к.












