Математика жана информатика институнун жалпы жамааты институт директору Изат Усеновду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгисине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чыӊ ден соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.
Изат Абдраевич студенттер жана педагогикалык коллективдин кадыр-баркына ээ болуу менен бирге, өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке, эне тилин сүйүүгө, аларды заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге тынымсыз умтулууга үндөп, кыргыз тарыхы жана аны менен бирге кыргыз санжырасын тереӊ билип, эл жерине татыктуу жараан катары кызмат кылууга дайыма жол көрсөтүп келет.
Ошондой эле эне тилибиздин кадырын көтөрүүгө, жаштардын чыгармычылык изденүүсүн күчөтүүгө, алардын ой өрүштөрүн өркүндөтүүгө, позициясы күчтүү, өз идеяларын коомчулукка жеткире билген жаштарды тарбиялоодо Изат Усенов зор салым кошуп келип, бүткүл чыгармычылык кудуретин келечек ээлерине жумшаганын баса белигилеп кетүүгө болот.
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

