КУУнун Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде 2024-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Эне тил – бабалардан урпактарга калган улуу мурас” деген темада салтанаттуу иш чара болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө студенттер тайпалар тарабынан даярдалган дубал гезиттерди, чакан видео-роликти, макал-лакаптар таймашын жана башка өнөлөрүн көрсөтүштү.

Факультет деканы Тилек Кылчыкбаев менен кафедра башчысы Токтобүбү Раева сөз сүйлөшүп, “Эне тилге кайрылып, Бак-таалайлуу болмокмун. Эне тилден айрылып, Калган күнү мен жокмун” деген ыр саптары кошулган куттуктоо сөздөрүн айтышты жана улуттун биримдигин камсыздоодогу тилдин ролун белгилешти. Алардын айтымында, касиеттүү эне тилибиздин уюткусу, көрөнгүсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз тили эч качан жоголбойт, дүйнөлүк башка тилдер менен тентайлаша өнүгүп, келечек урпактарга аалам мейкиндигине көкөлөтчу канат-бутак болот.

(С) Жылдыз Бабаканова – Каракол шаарындагы ГТИФтин кызматкери

Добавить комментарий