2024-жылдын 23-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Жыйынды мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан ачты. Ал Мамлекеттик тил күнүнө карата Улуттук университетте бир жумадан бери ар кандай жыйындар, иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгилеп, анын ичинде Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 20-сентябрь күнү өткөрүлгөн салтанатту иш-чара тууралуу кыскача маалымат берди. Андан ары ал “Силердин факультет мамлекеттик бийликте иштей турган кызматкерлерди дайындай турган өзгөчө факультет. Ошондуктан, сиздер эне тилди өтө мыкты билишиңер керек, маңыздуу, мыкты сүйлөшүңөр керек”, – деди.

Факультетин ардактуу профессору Досалы  Иманбердиев студенттерге эне тилди мыкты деңгээлде билип, келечекте мыкты адис болууну тилеп, көптөгөн ийгиликтерди каалады.

Агайлардын терең насааттарынан соң студенттер тарабынан дайындалган чакан концерт болду.

Добавить комментарий