2024-жылдын 12-сентябрь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жайгашкан Кемён университетинин профессору Пак Кихен жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн кызматкери Юн Жиенг мырзаларды кабыл алып, жасалма интеллект боюнча Кемён университети менен Улуттук университет чогуу ишке ашырып жаткан 7 жылдык LUPIC долбоорун жеңип алууга кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирип, аталган долбоордун ишине ийгиликтерди каалады жана кореялык меймандарга улуттук стилдеги чыптама кийгизди.





