2024-жылдын 9-сентябрь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жайгашкан Кемён университетинен келген делегацияны кабыл алды. Делегациянын курамында аталган университеттин профессорлору Пак Кихен мырза менен Джу Хва Ли айым жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн кызматкери Юн Жиенг бар.

Топтун башчысы Пак Кихен мырза делегациянын келген максаты, программасы тууралуу кыскача маалымат берип, жасалма интеллект боюнча Улуттук университет менен чогуу ишке ашырылып жаткан 7 жылдык проекттин алкагында 10 компьютер, 1 сервер ала келишкенин билдирди. Анын айтымында, эмдиги жылы Улуттук университетте “Жасалма интеллект” кафедрасы ачылып, 80 студент кабыл алынат.

Ректор Кемён университетинин өкүлдөрүнө куру келбей, компьютер ала келгенине ыраазычылык билдирип, жасалма инттеллект багытына студенттерди кабыл алуу боюнча иш аракеттер жаңы жылдан баштап эле активдүү жүргүзүлөөрүн айтты жана “маселелер пайда болсо, менин кабинетимин эшиги сиздер үчүн дайым ачык”, – деди.

Жолугушуудан кийин делегация мүчөлөрү башкы имараттагы 215-кабинеттеги “КУУдагы Кыргызстандын санариптик кубаттуулук борборунда” жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрушү менен таанышып, 136-дарсканадагы кореялык өнөктөштөр тарабынан берилген 10 компьютер орнотулган жаңы компьютердик класстын ачылыш аземине катышты.

Иш чарага о.э. окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, административдик-чарба иштери боюбнча проректор Бакыт Айтахунов, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев, о.э. аталган игституттун билим берүү программасынын жетекчиси Сабира Нуржанова менен профессору Батыйгүл Баячорова катышты.

Белгилей кетчү нерсе – жолугушууда чет тилдер институтутнун корей тили багытынын студенттери Нурбек кызы Алтынай, Алмазбекова Адинай жана Токтосунова Алтынай которууга жардам беришти.

Добавить комментарий