2024-жылы 29-август күнү Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” ресторанында республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналынын 13 жылдык мааракесине жана Кыргыз мамлекетинин 33 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган салтанаттуу кече болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз улуттук университетинен жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек, аталган департаменттин бөлүм башчысы Касмакунов Ынтымак, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Сырдыбаев Туратбек, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Жайлообаев Бактыбек жана социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Качкынова Аида катышып, 2023-2024-окуу жылында окуу, илимий, маданий-массалык, тарбиялык-коомдук ишмердүүлүгү жана спорттук иш чараларда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, окуу жайга кошкон зор салымы үчүн “Жетиген” журналынын “Эгемендик каарманы” төш белгиси жана диплому менен сыйланышты.
Кеченин жүрүшүндө эстрада жылдыздары, өнөр адамдары чоң программадагы концерт тартуулашты.
(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштер боюнча сектордун координатору






