2024-жылдын 22-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып 30-декабрына чейин Москва шаарындагы “Экономиканын жогорку мектеби” Улуттук изилдөө университетине окууга кетип жаткан эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин, юридикалык институттун жана экономиканын жогорку мектебинин студенттери менен жолугушту.

Ректор Москвадагы белгилүү, алдыӊкы жана мыкты университетте окууга мүмкүнчүлүк алган студенттерди ийгилиги менен куттуктап, мындай мүмкүнчүлүк баарына эле берилбесин, аны колдоно билиш керектигин белгилеп, “Эми биздин университетти уят кылбай, жакшы билим алып, өзүӊөрдү жакшы алып жүргүлө. Эӊ негизгиси – алдыга умтулуп, жакшы сапатыӊарды көрсөтүп, ар тараптуу студенттерден болгула. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген ата-энеӊерге, түзүм жетекчилерине жана Саадат эжекеңерге рахмат. Сапарыӊар байсалдуу болсун!”, – деди.

Жолугушууга эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Нургүл Казак кызы, экономиканын жогорку мектебинин директору Нуриза Мусаева, о.э. академиялык мобилдүүлүк, билимди экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова катышты.

Белгилей кетсек, Москва шаарындагы “Экономиканын жогорку мектеби” Улуттук изилдөө университетине окууга Улуттук университеттин төмөндөгү студенттери кетип жатат:

  1. Аланов Шамиль – ЭЖМ
  2. Жылдызбекова Айдай – ЭЖМ
  3. Жыргалбекова Назик – ЭЖМ
  4. Маратова Сезим – ЭЖМ
  5. Нурлан уулу Алтынбек – ЭЖМ
  6. Самаева Айжамал – ЭЖМ
  7. Туманчиев Эрлан – ЭЖМ
  8. Туратбекова Айсенем – ЭЖМ
  9. Шанкаева Бекзаада – ЭЖМ
  10. Исакова Эркеайым – ЭАМжЧТФ
  11. Сагыналиева Акылай – ЭАМжЧТФ
  12. Таалайбек кызы Таттыгүл – ЮИ.

Добавить комментарий