2024-жылдын 25-июль күнү 2-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетте окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды.

Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер өздөрү тандаган факультет/институттардын техкатчыларына келип, тиешелүү документтерди тапшырууга киришти.

Тапшыруу үчүн абитуриенттерге төмөндөгү документтер керек:

  • жалпы орто же орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик документ (түп нускасы);
  • 3×4 см өлчөмүндөгү 6 фотосурөт;
  • паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (түп нускасы).

Белгилеп кетчү нерсе, 2-турда Улуттук университетке жалпысынан 2162 абитуриент катталып (анын ичинде 1578 абитуриент контракттык бөлүмгө, 584 – бюджеттик бөлүмгө), бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында кайрадан 1-орунду ээледи. 2-орунда 1853 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 1533 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети.

Абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 25,26,27-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.

2-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий